Чүйдө жана Бишкек шаарында жердин титирегени сезилди

Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары жер силкингенин сезди.
Ачык булактарда жер титирөөнүн магнитудасы 3,6-4 болгонун көрсөтүүдө. Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ысык-Ата районунда Бишкектен 35 чакырым, Токмоктон 26 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Пресс-борбор
Бишкекте 100 объектинин сейсмикалык туруктуулугу текшерилди. Жыйынтык