Радио

Рысбек уулу: Бишкекте жарнамалык такталардын ордун LED экрандар ээлейт

Бишкек шаарынын башкы сүрөтчүсү Сыймык Рысбек уулу LED экрандар коюлса шаардын көркү эле оңолбостон, жарнамалар да сапаттуу болорун айтты.
Sputnik
Бишкекте рекламалык эски такталар толугу менен алынат. Алардын ордун заман талабына ылайык жаңы LED экрандар ээлейт. Бул тууралуу Сыймык Рысбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай такталардын айрымдары 20 жыл мурда орнотулган.
"Жаңы LED экрандардын артыкчылыгы абдан эле көп. Мисалы, баннерди чыгарганда атайын сырлар колдонулат, ал экологияга зыян. Кийин атайын техниканы жана 5-6 адамды жалдап келип, түндөп илет. Чыгымы көп, коопсуздук маселелери бар. Кошумча баннер ысыкта, суукта турганда эскирип, жарнаманын сапаты кетет. LED экран менен бир эле кеңседен каалаган жерге жарнама жайгаштырса болот. Ошол эле учурда ишкерлерге сапаттуу реклама чыгарганга мүмкүнчүлүк берет. Бир LED экран он чакты баннердин жумушун аткара алат. Бир минутада төрт реклама көрсөтөт. Бул ишкерлерге дагы ыңгайлуу", — деди Рысбек уулу.
Ошондой эле ал жарнамалык такталардын ордуна LED экрандарды орнотуу иштери 31-августка чейин бүтөрүн кошумчалады.