Кыян жүрүп, тоодон түшкөн шагыл-таш Төө-Ашууга кире берген жолду жаап калды. Видео

Жаратылыш кубулушу болжол менен Сосновкадан Төө-Ашуудагы серпантинге карай бара жаткан капчыгайда болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 104-105-чакырымында нөшөрлөгөн жамгырдан улам таш аралаш шагыл түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирип, видеосун таратты.
Анда көрүнүп тургандай, жаратылыш кубулушу болжол менен Сосновкадан Төө-Ашуудагы серпантинге карай бара жаткан капчыгайда болгон.
"Жол иштерин текшерип, Төө-Ашуу тарапка бара жаткан транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев кырдаалды жеринен көрдү. Министр жолго түшкөн кум-шагыл аралашмасын тез арада тазалап, унаа каттамын ыкчам жандантуу тапшырмасын берди", — деп жазылат маалыматта.
Учурда жерине атайын техникалар тартылып жатканы кошумчаланды.
Талас — Чаткал — Ташкент автожолу курулат. Жол картасы даярдалууда