Биринчи дүйнөлүк согуш, келишим, Россиянын унутулушу. Видео

28-июнь Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышы үчүн өзгөчө күн катары каралып келет. 1914-жылдын 28-июнунда Сараеводо Австро-Венгрия тактысынын мураскери, эрцгерцог Франц Фердинанд өлтүрүлгөн.
Sputnik
Тарыхчылар бул согуштун башталышына шылтоо болгонун айтып келишет.
Туптуура беш жылдан соң, 1919-жылдын 28-июнунда, Париждеги конференцияда Версаль тынчтык келишимине кол коюлуп, Биринчи дүйнөлүк согуш аяктаган.
Бирок Германияны талкалоого эбегейсиз салым кошкон Россияны кол коюуга чакырышкан эмес.