Байтик баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү оңдолгондон кийин ачылат. Видео

Учурда капиталдык оңдоо жумуштары Байтик баатыр, Ахунбаев көчөлөрүндө жана Жибек Жолу проспектинде жүрүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Байтик баатыр көчөсүнүн Сүйөркуловдон Скрябинге чейинки бөлүгү оңдоо иштеринен кийин ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдун бул бөлүгү менен автоунаа кыймылы 29-июндан баштап жанданат.
"Ошондой эле 29-июндан тарта Байтик баатыр көчөсү менен Медеров көчөсүнүн кесилиши жана ушул эле көчөнүн Бөкөнбаевден Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо жумуштары үчүн жабылат. Андан тышкары, Ахунбаев — Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилиши дагы эртең жабылат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, капиталдык оңдоо жумуштары Байтик баатыр, Ахунбаев көчөлөрүндө жана Жибек Жолу проспектилеринде жүрүүдө.
Бишкекте Жибек Жолу проспектинин бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылат