Нацисттер... Байдендин Трамптын тарапкерлери тууралуу айткан видеосу

Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. АКШнын азыркы башчысы Жозеф Байден президенттикке талапкер Дональд Трамп менен теледебатка чыгып жатканда атаандашынын Капитолийди штрум кылган тарапкерлери тууралуу сөз кылган.
Анын видеосун Sputnik Ближнее зарубежье жарыялады.
Байден эки жыл мурдагы окуяларды эске салып, бир дагы америкалык "факел жана свастика көтөрүп алып жүргөндөрдү жакшы адам деп эсептебестигин" жана алар "нацисттер" экенин айткан.
2021-жылы 6-январда Трамп президенттик жарышта утулуп калган соң анын Вашингтонго чогулган тарапташтары шайлоонун жыйынтыгын бекитүү үчүн чогулган сенаттын жыйынын үзгүлтүккө учуратып, Капитолийди басып киришкен. Тартип сакчылары көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу граната колдонууга аргасыз болгон. Вашингтондо өзгөчө кырдаал режими жарыяланган болчу. Башаламандык учурунда төрт адам каза болгону кабарланган.
Вашингтондогу башаламандыктан 4 адам каза тапты. Капитолийди басып алган видео