АКШны башкарам деген Байден менен Трамптын дебаты. Видео

Атлантада (АКШ) АКШнын президенттигине умтулгандар — өлкөнүн башында турган Жозеф Байден менен экс-президент Дональд Трамптын дебаты башталды.
Sputnik
Алардын кеп таймашы 90 мүнөткө созулат. Шайлоо мезгилинде дебаттар партиялары тарабынан талапкерлер көрсөтүлгөнгө чейин өткөрүлөт. Айрым серепчилер бул кадамды демократтар Байденди сынап көргүсү келип жатканы менен түшүндүрүшүүдө. Эгерде ал биринчи телетаймашта жеңилсе, партия андан баш тартып, август айындагы съездде шайлоочулар арасында белгилүү болгон башка талапкерге алмаштырууга даяр экенин белгилеп жатышат.
Трамп дебатка вице-президенттикке талапкерди ала келерин айтып, бирок сыр кылып, азырынча анын атын атай элек.