Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп: Байден Зеленскийге согушка деп 200 миллиард доллар берди

Экс-президент Украина согуштан утулуп жатканын, жоокерлер азайганын айтып, жоопкерчиликти Байденге жүктөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Байден Зеленскийге согушка деп 200 миллиард доллар берди, бул согуш дегеле болбошу керек эле. Мындай пикирин АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп башкы атаандашы, өлкөнүн азыркы башчысы Жо Байден менен болгон алгачкы телевизиондук дебатында айтты.
Эскерте кетсек, президенттикке талапкерлердин кеп жарышы жумага караган түнү Атлантада болгон. CNN телеканалы өз маалымат булактарына таянып АКШнын Демократиялык партиясы Байдендин сөзүнөн кийин учурда эмне кылар айласын таппай турганын айтып чыкты.
АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды Ак үйгө киргичекти жөнгө салууга кудурети жетерин дагы бир ирет кайталады.
"Путин менен Зеленскийдин бул чырын кызматыма киришкен 20-январга чейин (2025-жыл — ред.) чечем. Ойлонулбаган кадамдардан, алысты көрө билбегенден адам өмүрлөрү кыйылып жатат. Мен бул маселени Ак үйгө киргиче чечем", — деген саясатчы.
Трамп Украина согуштан утулуп жатканын, жоокерлер азайганын айтып, жоопкерчиликти Байденге жүктөгөн. https://radiosputnik.ru/20240628/tramp-1955996791.html
"Баары ушунун акылсыз чечимдерининен улам болуп жатат", — деди президенттикке талапкер.
Белгилей кетсек, АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Анда Демократиялык партиядан азыркы президент Жо Байден менен Республикалык партиянын өкүлү Дональд Трамп ат салышууда. Байден 81, ал эми Трамп 78 жашта.
Байден чек арачылар аны колдоорун айтты, бирок алар муну четке какты