БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш иш сапар менен Кыргызстанга келет

Баш катчы Кыргызстанга өлкө башчы Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш 1-3-июль күндөрү иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Маалыматта баш катчы Кыргызстанга өлкө башчы Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келери айтылат.
"Иш сапардын алкагында Гуттериштин Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле БУУнун Өнүгүү программасынын долбоорлорунун бирине баруусу пландаштырылууда", — деген Азымбакиев.
Тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулап, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмаша турганы белгилүү болду.
"Хандык" уюштуруп алган. ТИМ Пакистандагы элчинин иштен алынган себебин айтты