Акыйкатчынын КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясына киргизген сунуштары

Жаманбаева КМШ өлкөлөрүнүн акыйкатчыларынын кызматашуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Санкт-Петербургда КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясынын отуруму өттү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, иш чарага акыйкатчы Жамиля Жаманбаева катышып, КМШ өлкөлөрүнүн мигранттардын укуктарын чагылдырган ченемдик актыларынын аналитикалык жыйнагын тапшырды.
1 / 2

Санкт-Петербургда КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясынын отуруму өттү

2 / 2

Ага ылайык, иш чарага акыйкатчы Жамиля Жаманбаева катышып, КМШ өлкөлөрүнүн мигранттардын укуктарын чагылдырган ченемдик актыларынын аналитикалык жыйнагын тапшырды

Кыргызстандын акыйкатчысы мигранттардын акысыз медициналык тейлөө, социалдык камсыздандыруу, билим алуу укуктарын камсыздандыруу жаатында КМШ өлкөлөрүнүн акыйкатчыларынын кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, Жаманбаева кесиптештерин адам сатуудан жапа чеккендерди биргелешип колдоого чакырды.
"Тилекке каршы, дайыма эле адам сатуунун курмандыктары өздөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылышпайт, кылмыш иши козголгон учурда алар менен кызматташышпайт. Буга байланыштуу ар бир мамлекетте адам сатуунун курмандыктарын кайра багыттоо механизмин иштеп чыгууну сунуштайбыз", — деди Жаманбаева.
Акыйкатчы институту Россиянын, Казакстандын акыйкатчы институттары жана Беларустун мамлекеттик органдары тарабынан берилген аналитикалык материалдарды чогултуп, жалпылаштырган. КМШ өлкөлөрүнүн акыйкатчы институттары мигранттардын укук чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды алган:
ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагында иштеген жарандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттүү медициналык камсыздандыруунун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана жашы жете электерге милдеттүү медициналык кароодон өтүү үчүн куракты 6 жаштан 14 жашка чейин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн кароо;
пенсиялык келишим түзүү маселесин иштеп чыгуу сунушталсын, ага ылайык, мыйзамдуу негизде иштеген жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн КМШ мамлекеттеринин жарандары пенсияларды жана пособиелерди жашап-иштеген жеринен алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат;
казак жана кыргыз тарапка өз ара айдоочулук күбөлүктөрүнүн жарамдуулугун таануу боюнча келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталат;
ар бир мамлекеттин функцияларын жана компетенцияларын аныктоо, биргелешкен иш үчүн жетиштүү финансылык ресурстарды бөлүү, координациялоонун жана кызматташуунун так жол-жоболор аркылуу адам сатуунун курмандыктарын кайра багыттоо механизмин иштеп чыгуу, кабыл алуу жана аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү сунушталды.
Акыйкатчы КМШ өлкөлөрүндөгү миграциялык мыйзамдарды жеңилдетүүгө чакырды