29-июнга карата аба ырайы

29-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Ишембиде республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 32…37, Талас аймагында 29…34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 32…37, Ысык-Көл жеринде 24…29, Нарын өрөөнүндө 23…28 градус ысык болот.
Күндүн табы Бишкекте 34…36 градусту көрсөтсө, Ош шаарында 35…37, Чолпон-Атада 24…26 градуска чамалап барат.
Июлга карата аба ырайы. Ысык 39 градуска чыгат