2025-жылы Евразиялык банкта "ислам терезеси" ачылат

Евразиялык өнүктүрүү банкы Борбор Азияда ислам каржылоосунун активдүү ортомчусуна айланат деген ишеним бар.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Евразиялык өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) каржылоонун ислам финансынын принциптерине ылайык келген атайын "ислам терезесин" түзүүгө киришти.
Ал кайсы багытта өнүгө тургандыгын ЕАӨБдүн башкаруучулар кеңешинин төрагасынын орун басары Руслан Даленов аталган банктын жылдык жыйынында айтып берди.
Ислам финансылоосунун дүйнөлүк активдердеги үлүшү 4,0 триллион доллар же дүйнөлүк банк секторундагы активдердин 2 пайызын түзөт. Бул 2024-жылдын башына карата берилген маалымат.
Сөз болуп жаткан сегмент тездик менен өнүгүүдө: дүйнөдөгү ислам активдеринин орточо өсүшү 2015-2021-жылдары 10,5 пайызды түзгөн. Бул — салттуу финансылык активдердин 5,8 пайызынан тарта салыштыргандагы көрсөткүчү.
Даленов ислам каржылоосунун негизинде туруктуу өнүгүү, келишимди бөлүшүү принциптери, чыгымдар, кызыл кулактыкка тыюу салуу, кардардын каржылык абалынын начарлап кетишине жол бербөө багыттары кирерин айткан.
"ЕАӨБ эл аралык кенен базасы, өзгөчө жөндөө ыкмасы менен аймакта ислам финансылоосунун активдүү ортомчусу болушу мүмкүн", — деген Даленов.
ЕАӨБ зарыл болгон өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн жөнгө салуучу аянтча болуп калышы мүмкүн.
"2025-жылы Евразиялык банк толук форматта "ислам терезесин" ишке киргизет. Бир катар сынамык долбоорлор каржыланат. Бул ири инвестициялык долбоорлорго өтүүгө мүмкүнчүлүк берет", — деген ал.
Даленов ЕАӨБ жаңы инвестицияларды тартып, өлкөлөрдүн экономикасынын өнүгүшү үчүн жаңы жолдорду сунуштап, аймакта ислам финансылоосу боюнча активдүү ортомчу болууга умтулуп жатканын кошумчалаган.
Евразиялык өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) — евразиялык аймакта инвестициялык ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ар тараптуу банк. Анын уставдык капиталы жети миллиард доллар.
Өлкөдө инфляция жайлайт. Аналитиктердин божомолу