БРИКС Оюндары Казань -2024 — Кыргызстан командалык эсепте 90 мамлекеттин ичинен 9-орунду ээледи

Sputnik
БРИКС оюндарында командалык тизмеде кыргызстандыктар 9-орунду ээледи. Ага ылайык, өлкө капчыгында 51 медаль топтолду. БРИКС Оюндарына жалпысынан 90дон ашык өлкөнүн спортчулары катышты. Алдыңкы бештикке Россия, Беларусь, Кытай, Өзбекстан, Бразилия кирген. Аталган иш-чара 12-июндан 23-июнга чейин Казань шаарында өттү.
Оюндардын масштабы, кыргыз делегациясынын курамы, даярдыктар, жетишкендиктер тууралуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын директору Бактыяр Бокоев айтып берди.