Пробация институту иштегенден баштап өлкөдө миңдеген кардарларды коомдук жашоого кошо алды. Аталган мекеме соттун чечими менен келип түшкөн кардарларды жаза өтөө учурунда көзөмөлгө алуу менен катар анын адеп-ахлагын, социалдык маселелерин жөнгө салуу үчүн көмөк көрсөтүп, тиешелүү окутуулардан өткөрөт. Бирок, өлкөдө дал ушул пробациялык көзөмөлдөн мөөнөтүн өтөп чыккан кардарлардын көп өтпөй оор кылмыштарга, адам өлтүрүү, наристелерди зордуктоо сыяктуу коомчулуктун үрөйүш учурган иштерди жасоосуна эмне себеп болууда, деген суроо пайда болот. Акыйкатчы инстиуту бул Пробация департаментинин иштөө системасын өзгөртүү зарылдыгын да айтып, министрликке жана сот органдарына кайрылуу жолдогон. Коомчулук да мына ушул соболдун ачык калганына бушайман боло маал-маалы менен бул маселени көтөрүп келишет.
Биз бүгүнкү “Ачык кеп” программасынын алкагында Пробация департаментинин адисин чакырып, аталган институттун кардарлар менен иш алып баруу механизмдери тууралуу сүйлөштүк.