Мындан 100 жыл мурун 1924-жылы 1-ноябрда Кара-кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде Кыргыз милициясы түзүлгөн. Быйыл Ички иштер министрлиги 100 жылдыгын шаң-салтанат менен белгилөөгө камынууда. Кыргыз милициясы 100 жылда кандай өзгөрдү? Милдетин, так аткара алдыбы? ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Сеитов жооп берди.