БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Садыр Жапаров пенсияны көтөрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Жыйында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев баяндама жасап, пенсияны көтөрүү үчүн эки этап менен кошумча 20 миллиард сом бөлүнөрүн айтты. Октябрдан тарта пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 900 сомду түзүп, Конституциянын 44-беренеси ишке кирерин айтты.
Биринчи этабы 1-июлда ишке кирип, анда эң минималдуу пенсия 3 500 сом болот. Ал эми экинчи этапта, октябрда, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 пайызга, бирок 1000 сомдон кем эмес жогорулайт. Буга 2024-жылдын үч айы үчүн 3 миллиард 927 миллион сом кошумча каражат керектелет. Бул каражаттын 3 миллиард 140 миллион сому пенсиялык фонддон, 787 миллион сому республикалык бюджеттен каржыланат.
Маалыматты уккан соң Садыр Жапаров Социалдык фонд өз убагында кайра эсептөөлөрдү жүргүзүп, жаңы өлчөмдөрдө төлөөнү камсыз кылуу жаатында иш-аракеттерди ыкчамдатышы керектигин баса белгиледи. Аны менен бирге пенсиялык системаны реформалоого, пенсиянын майнаптуулугун жогорулатууга багытталган мыйзамдарга кол коюлду.
"Жөнөкөй тил менен айтканда, жалпысынан пенсиянын өлчөмү 6 900 сомдон кем болбойт. Бүгүнкү кабыл алган жарлыгыбызда дал ушул маселе чагылдырылган. Муну менен биз Конституциянын талаптарын аткарып жатабыз. Бул пенсиялык камсыздоо практикасында алгачкы жетишкендигибиз болуп олтурат. Буга чейин колуна 1000 сом алган пенсионерлер эми 10-июлдан тарта 3 500 сомдон ала башташат. Ал эми 10-октябрдан тарта пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 миң 900 сомдон кем эмес болот. Бул оңойго турган жок, бирок биз буга акыркы жылдары коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө каршы активдүү жана элдешкис күрөш жүргүзүп, реформалардын натыйжасында өлкө экономикасынын өсүшүн камсыз кылуу менен жетише алдык", — деген Жапаров.