Коомдук жана саясий ишмер Роман Шин дүйнөдөн кайтты

Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Мурдагы депутат, ишкер Роман Шин дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу баласы Сергей Шин өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
"Сиздерге Шин Роман Александровичтин дүйнөдөн өткөндүгүн терең кайгыруу менен билдиребиз. Роман Александрович биздин ар бирибизге — туугандарына жана досторуна турмуштун, ишенимдин жана сүйүүнүн булагы болгон. Ал түбөлүк биздин жүрөгүбүздө жана эсибизде", — деп жазган Сергей Шин.
Роман Шин 1948-жылы туулган. Алгач заводдо иштеп, кийин ишкердикке өткөн.
2005-2012-жылдары ар кыл саясий партиялардан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал 76 жашта эле.
Кыргыз эл артисти, сүрөтчү Сагын Ишенов дүйнө салды