ЖКда репрессия курмандыктарын актоого багытталган мыйзам долбоору кабыл алынды

Мыйзам долбоору 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын бардык курмандыктарын реабилитациялоого багытталган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште репрессия курмандыктарын актоого багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окуудан кабыл алынды.
Бул үчүн "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө", ошондой эле "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүүлөр демилгеленүүдө.
Аны депутаттар: Жанар Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова, Мирлан Самыйкожо, Чыңгыз Айдарбеков, Айбек Маткеримов көтөрүп чыккан.
"Мыйзам долбоору 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын бардык курмандыктарын реабилитациялоого багытталган. Эң оболу атылган, соттолгон, айдалган, мүлкүнөн жана турак жайынан ажыраган, укук жагынан башка зомбулуктарга дуушар болгон жана саясий репрессиялардын курмандыктарынын жаманаттысын жоюуга мүмкүндүк берет", — деп жазылган мыйзам долбоордун негиздемесинде.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери репрессиялангандарды реабилитациялоонун жаңы тартибин аныктоо үчүн атайын комиссия уюштуруларын белгилеген. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлүп, Илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнография институтунун алдында иш алып барат. Ал эми Комиссия жөнүндө жобону министрлер кабинети бекитүүгө тийиш болот.
Мындан тышкары, ведомстволук архивдерде сакталган документтерди Мамлекеттик архив кызматына өткөрүп берүү боюнча тиешелүү эрежелер каралган.
Эл агартууга өмүрүн арнап, атылган Базаркул Данияров. Асел Даниярованын маеги