Веткызмат: санитардык нормаларга жооп берген гана азыктарды алгыла

Адистер азык-түлүктү ишенимдүү сатуучулардан алуу керектигин белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Ветеринардык кызмат базарлардан жашылча-жемиш сатып алууда санитардык нормаларга жооп берген гана азыкты сатып алууга чакырат. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматта 2024-жылдын беш айында республиканын базарларында текшерүү жүрүп, жашылча-жемиштерге 791,4 миң экспертиза жасалганы айтылат. Анын ичинен санитардык талаптарга жооп бербеген 5,1 тонна продукция аныкталып, жок кылынган.
Мындан улам Ветеринардык кызмат кыргызстандыктарга жайында жашылчаларды ишенимдүү сатуучулардан алууну суранат.
"Сатып алуудан мурун продукцияны кылдаттык менен текшерип, жаңыбы, бүтүнбү, бузулуп калган эмеспи, баарына көңүл буруңуз. Жашылчаларды муздаткычта, кургак жана салкын жерде сактаңыз. Түсү, жыты бузулган азыктардан оолак болуңуз жана дайыма таза жууп жеңиз", — деп айтылат Ветеринардык кызмат тараткан кайрылууда.
Бишкекте санитардык-экологиялык эреже бузгандарга 1,5 млн. сом айып салынды