БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Россия менен Корей Элдик Демократиялык Республикасынын ортосунда көп багыттуу стратегиялык кызматташуу боюнча түзүлгөн келишим "Батыш үлгүсү" менен кандайдыр бир аскердик союз түзүү максатын көздөбөйт жана үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталган эмес. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
"Келишимдин 4-беренесинде БУУ Уставынын 51-беренесине жана эки өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, мамлекеттердин бири куралдуу кол салууга дуушар болуп, согушка тартылган учурда өз ара колдоо көрсөтүү каралган. Ушундай эле берене КЭДР менен Кытай 1961-жылы түзгөн келишимде да бар", — деген Захарова.
Ал макулдашуу КЭДРге каршы аскердик чабуул тууралуу ойлонбогон мамлекеттер үчүн эч кандай кооптуулук жаратпай турганын белгилеген.
Захарованын айтымында, аскердик-саясий тенденциялар регионалдык жана глобалдуу масштабда өзгөрүп жаткандыктан Москва менен Пхеньян жеке коопсуздугун камсыздоо ыкмаларын кайра карап чыгып, "жамааттык Батыш" тараптан улам көбөйүп жаткан кооптуулуктарды басаңдатууга багытталган мыйзамдуу чараларды көргөн. ТИМ өкүлү Батыш үстөмдүгүн сактап калуу далалаты менен кансыз согуш маалындагыдай жабык аскердик-саясий альянстарды түзүп жатканын мисал келтирген.
"Корей жарым аралынын жаңы дүйнө тартибинин очогу болгон Азия-Тынч океан регионунда стратегиялык мааниси чоң. Бул региондун глобалдык ролун бекемдөө куралдануу, куралсыздандыруу жана өзөктүк куралды жайылтпоону көзөмөлдөө системасынын кризиси, эл аралык коопсуздук жаатындагы терең деградация менен коштолууда. Аскердик-саясий абалдын курчуп кетүү ыктымалдыгы дайым күч болуп келген Түндүк-Чыгыш Азиядагы кырдаал өзгөчө тынчсыздандырып келет. Аймактагы абалдын чыңалышы субрегионду өзөктүк апаатка кептеши мүмкүн", — деди Захарова.
Анын айтымында, АКШ Түндүк-Чыгыш Азияда стратегиялык потенциалынын каражаттарын жайгаштырып, аскердик активдүүлүгүн улам күчөтүп, өзөктүк куралды пайдалануу менен куралдуу кагылышуунун сценарийлерин караштырып келет. ТИМ өкүлү өзгөчө Вашингтон менен Сеулдун өзөктүк маселелер боюнча эки тараптуу консультативдик топтун эгидасы менен өзөктүк-конвенциялык интеграция боюнча кадамдары тынсыздандырып жатканын белгилеген. Мунун баары кырдаалды туруксуздаштырып, региондо өзөктүк курал жаатында атаандаштыкты шарттай турганы айтылды.