Соцфонд: 1-июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлат

Кыргызстанда эркектер пенсияга 63 жаштан, аялдар 58 жаштан чыгат, ал эми талап кылынгандан ашыкча стажы бар болсо үч жыл эрте чыгууга мүмкүндүк бар.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы токтойт. Бул тууралуу Соцфонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлат, бирок беш жыл иштегендерге пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнө баштайт.
Кыргызстанда эркектер пенсияга 63 жаштан, аялдар 58 жаштан чыгат. Ошол эле учурда эгер киши пенсия курагына жете электе эле талап кылынганга кошумча 15 жыл эмгек стажысы болсо, ага мөөнөтүнөн мурда, үч жыл эрте пенсия чегерилчү (эркектерге 60 жашында, аялдарга 55 жашында).
Ошол эле учурда пенсиянын базалык бөлүмүн толук алыш үчүн эми эркектерге 25, аялдарга 20 жылдык эмгек стажы талап кылынбайт. 1-июлдан баштап беш жылдык эмгек стаж менен деле пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнөт.
"Буга чейин стаж толук болбогон учурда пенсия теңдемелүү эсептелип келген. Эмгек стажысы жете электерге базалык бөлүк болгон 3 170 сомдун жарымы гана төлөнчү. Июлдан тарта толук төлөнүп калат. Башкача айтканда, беш жылдан кем иштебегендерге базалык бөлүмдүн баары берилет", — деген ал.
Садыр Жапаров октябрдан баштап пенсия 6 800 сомдон кем болбой турганын айтты