Россиянын БУУ аркылуу кыргызстандыктарга берген кезектеги жардамы. Видео

Бүгүн Чүй облусунун Сосновка айылында аз камсыз болгон 33 үй-бүлө коомдук пайдалуу жумуштарды жасаганы үчүн байытылган ун менен өсүмдүк майын алышты.
Sputnik
Жумушсуздук боюнча каттоодо турган жергиликтүү жашоочулар Таш сугат каналын тазалоого көмөк көрсөтүшкөн. Кылган эмгеги үчүн ар бир бүлө 300 килограммдан ун жана 30 литрден өсүмдүк майын алган.
Жергиликтүү жашоочу Гүлүмкан Аширова каналды техника жана кол менен кантип тазалашканын айтып берген.

"Мартта айыл өкмөт "Иштин акысына азык-түлүк алуу" долбооруна катышууну сунуштаганда биз макул болдук. Эми бул каналдан айылдын баары суу алат", — деген Аширова.

РФтин КРдеги иштери боюнча ишенимдүү өкүлү Вадим Гусев долбоордун катышуучуларына 2 700 тоннадан ашык ун берилгенин айтты.
Бул жардам Россиянын БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын фондуна берген ыктыярдуу, максаттуу салымдарынын алкагында ишке ашырылууда.
"Россия азык-түлүк сатып берет, ал эми БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аны таратат. Бүгүн жардамды берүү жаңы форматта өтүп жатат. Мурда Бишкектеги темир жол станциясына унду түшүрүп, кыргыз тараптын өкүлүнө берчүбүз. Бул сапар таратылчу жерге барып, тамак-аш жардамы кандай берилип жатканын өз көзүбүз менен көрдүк", — деди Гусев.
Ал соңку 16 жылда Россия тамак-аш боюнча берилчү бул жардамга кыргызстандыктар үчүн 100 миллион доллар бөлгөнүн билдирди.

"Жардам алгандар миллион адамдан көбүрөөк болду. Мындан сырткары, 400 миң окуучу Кыргызстандын 800 мектебинде ысык тамак ичип жатат. Бул балдар үчүн өтө маанилүү. Россия негизинен Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүсүн улантып келет. Бир тууган республикага эки жана көп тараптуу интеграциялык түзүмдөр: Евразиялык өнүгүү банкы, Өнүгүү жана стабилизация боюнча евразиялык фонд, андан сырткары, эл аралык уюмдар аркылуу көмөктөшүп келебиз. Жардамдашканбыз, жардамдашабыз жана эми да жардамдаша беребиз", — деген дипломат.

Ал жакынкы жылдары Россия бул максатта дагы 15 миллион доллар бөлөрүн айтты.