Президент уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзамга кол койду

Уранды иштетүүгө салынган тыюу дүйнөлүк рынокто чоң суроо-талапка ээ болгон 83 сейрек кездешүүчү металлды казууга жолтоо болуп жатканы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Садыр Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Аталган мыйзам Жогорку Кеңеште 13-июнда кабыл алынган.
Бийлик бул мыйзам экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун, өлкө үчүн стратегиялык маанилүү ресурстарды пайдалануунун жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн ортосундагы тең салмактуулукка жетишүү максатында кабыл алынганын билдирди.
Буга чейин уранды иштетүүгө салынган тыюу дүйнөлүк рынокто чоң суроо-талапка ээ болгон 83 сейрек кездешүүчү металлды казууга жолтоо болуп жатканы айтылган. Бийлик бул мыйзам долбоору кыргызстандыктардын ден соолугуна, экологияга зыян келтирбей турганына ишендирип келет.
Акылбек Жапаров Кытайдын бир катар ири компанияларынын жетекчилери менен жолукту