Ош менен Санкт-Петербург санариптик өнүгүү боюнча тажрыйба алмашат

Россиялык адистер менен Ош шаарында санариптештирүү боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу каралат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Санкт-Петербург шаарынан келген санариптештирүү тармагы боюнча адистер менен жолугушту. Бул тууралуу Ош мэриясы маалымдады.
Билдирмеге ылайык, Санкт-Петербургдан келген коноктор маалыматтык технологияларды, нейрондук тармактарды жана видеоаналитика системаларын шаар аймагында, коопсуздук, транспорт тармагында жөнгө салуу боюнча маалымат беришкен.
1 / 2

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Санкт-Петербург шаарынан келген санариптештирүү тармагы боюнча адистер менен жолугушту

2 / 2

Билдирмеге ылайык, Санкт-Петербургдан келген коноктор маалыматтык технологияларды, нейрондук тармактарды жана видеоаналитика системаларын шаар аймагында, коопсуздук, транспорт тармагында жөнгө салуу боюнча маалымат беришкен

"Мындан сырткары, шаар тургундары жана коноктору үчүн маанилүү болгон маалыматты жайылтуу үчүн чат-бот платформаларын жана роботтордун ишин киргизүүнүн маанилүүлүгү, өзгөчө кырдаалдар учурунда маалыматты ыкчам билдирүү, ЖМК жана социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү, тиешелүү кызматтар менен уюмдардын өз ара аракеттенүүсү, атайын шашылыш кызматтарды чакыруу сыяктуу долбоорлор боюнча да сүйлөшүштү", — дешти мэриядан.
Коноктор шаардагы бир катар муниципалдык ишканалардын жана кызматтардын ишмердүүлүгү менен таанышат, ошондой эле Ош шаарында санариптештирүү боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашат.
"Санариптештирүү багытында Санкт-Петербургдун 20 жылдык тажрыйбасы бар. Шаарда жүздөн ашык маалымат системасы иштейт. Мындан сырткары, араб жана Азия өлкөлөрүнө тажрыйба жана технологиялык долбоорлорду ишке ашыруу жагынан бир топ тажрыйбага ээ", — дешти Ош мэриясынан.
Ош шаарында таштанды иргөөчү ишкана ачылды. Сүрөт