Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: макулдашуу ратификацияланды

Долбоордун болжолдуу наркы 4 миллиард 665 миллион доллар, анын ичинен Кыргызстандын үлүшү 573 миллион доллар болору айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдөгү кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу мамлекет башчынынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Макулдашуу үч өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлүп, 6-июнда кол коюлган.
Жогорку Кеңеш 19-июнда кабыл алган мыйзамга президент Садыр Жапаров бүгүн кол койгон.
Аталган темир жолдун маршруту Торугарт — Арпа — Кош-Дөбө — Макмал — Жалал-Абад аркылуу болуп, узундугу 311,75 чакырымды түзөт. Ал эми жүк жүктөөчү станция Макмалда жайгаштырылары мерчемделүүдө.
Долбоордун болжолдуу наркы 4 миллиард 665 миллион доллар, анын ичинен Кыргызстандын үлүшү 573 миллион доллар болору айтылган.
Жапаров: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу тышкы карызды көбөйтпөйт