Кыргызстандын эки компаниясы Евробиримдиктин санкциясына кабылды

Фирмалардын "кара тизмеге" түшүп калышына "Россиянын аскердик-технологиялык өнүгүшүнө же коргонуу жана коопсуздук тармагын өстүрүүгө салым кошкону" себеп болду деп түшүндүрүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кыргызстандык "Мюллер Маркт" жана "ПроффЛаб" компаниялары Евробиримдиктин антироссиялык 14-пакетиндеги чектөөлөрүнө тушугуп калган. Бул маалыматтар ЕБ кеңешинде жарыяланган.
Юстиция министрлигинин маалыматында, "Мюллер Маркт" ЖЧКсы — чет элдик үлүшү бар, 2022-жылдын май айында катталган компания. Бишкек шаарынын Ленин районунда жайгашкан, түптөөчү Сергей Стефаненко, жетекчиси Пхетмали Блюмис. Негизги ишмердүүлүгү —адистештирилбеген дүң соода.
Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматтарга таянсак, "ПроффЛаб" ЖЧКсында да чет элдик үлүш бар. 2022-жылы март айында Ленин районунда каттоодон өткөн. Жетекчиси — Пхетмали Блюмис, негизгинен адистештирилбеген дүң соода менен алектенет.
НАТО Кытай Россияны колдоону токтотпосо санкция салынышы мүмкүндүгүн айтты