Кыргызча билбегендер судья боло албайт. Жогорку Кеңеш мыйзамды жактырды

Мыйзам долбооруна сунушталып жаткан өзгөртүүлөр шайланган же иштеп жаткан судьяларга колдонулбайт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште депутаттар Шайырбек Ташиев, Марлен Маматалиев жана Айбек Маткеримов демилгелеген "Судьялардын статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамга ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү колдоо тапты.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында 76 эл өкүлү аталган мыйзам долбооруна "макул" деп добуш берген.
Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, судья болууга каалаган талапкерлер кыргыз тилин милдеттүү түрдө В1 деңгээлинде билиши керек. Ал үчүн "Кыргыз тесттин" сынагынан өтүп, мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билерин тастыктаган сертификатты алышы шарт.
"Мыйзам долбооруна сунушталып жаткан өзгөртүүлөр шайланган же иштеп жаткан судьяларга эмес, судьялык кызмат орундарына талапкерлерге гана тиешелүү болушу керектигин белгилеп кетүү зарыл, анткени мыйзам артка карай колдонулбайт", — деп жазылган негиздемеде.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү болсо, оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолсо судья боло албай турганы жазылган.
Кыргыз тилин билбеген, жакындары соттолгондор судья боло албайт. Депутаттын сунушу