Кыргыз эл артисти, сүрөтчү Сагын Ишенов дүйнө салды

Ишенов кыргыз мультипликациясынын корифейлеринин бири катары кала бермекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргыз эл артисти, сүрөтчү Сагынбек Ишенов 90 жаш курагында көз жумду. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Ведомство кыргыз көркөм сүрөт өнөрүн жана кыргыз киноискусствосу менен кыргыз мультипликациясын Сагынбек Ишеновдун ысымысыз элестетүү мүмкүн эместигин белгилеген.
Сагынбек Ишенов 1934-жылы 5-апрелде Чүй облусундагы Дөң-Арык айылында төрөлгөн.
1951-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзе көркөм сүрөт училищесине тапшырып, 1955-жылы аяктаган. Ошол эле жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематографисттер институтунун көркөм сүрөт факультетине тапшырып, 1961-жылы сүрөтчү-коюучу адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.
Чыгармачылыгын 1961-жылы "Кыргызфильм" киностудиясына ишке кирип, 1962-жылы кинорежиссёр Мелис Убукеевдин "Тоо суусу" даректүү тасмасында, 1963-жылы режиссёр Марианна Рошальдын "Космонавттар көчөсү", 1965-жылы Бекеш Абдылдаевдин "Тил алчаак", 1966-жылы Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" фильмдеринде сүрөтчү-коюучулук менен баштаган.
Ишенов көркөм адабияттарды, окуу куралдарын да жасалгалоодо эң мыкты сүрөтчү катары иштеп, балдар адабиятына да салым кошо алды. Союз убагында жарык көргөн көптөгөн китептердин мукабасын жасалгалап, балдардын табитине ылайыктап мыкты сүрөттөрдү тарткан.
Ишеновдү акыркы сапарга узатуу 28-июнда саат 9:00дө Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театрында өтөт. Сөөгү туулган жери Токмок шаарынын Дөң-Арык айылына коюлат.
Ишеновдун кыргыз мультипликациясына да сиңирген эмгеги зор. 1976-жылы "Кыргызфильм" киностудиясынын алдында жаңыдан уюшулган "Кыргыз мультфильмге" жетекчи болуп дайындалып, алгачкы кыргыз мультфильми болгон "Сандардын чатагы" экранга чыккан. Андан тышкары, "Олокон", "Меке чал менен Кара дөө", "Эки бөжөк", "Портрет", "Толубай сынчы", акын Алыкул Осмоновдун бейнесин ачуу үчүн "Калыптануу. Акын Алыкул Осмонов" аттуу мультипликацияларды чыгарган.
1966-жылы СССР кинематографисттер союзуна, 1967-жылы СССР сүрөтчүлөр союзуна мүчөлүккө алынган. 1992-жылы бир топ жылдык эмгеги эске алынып, Кыргыз эл артисти наамы ыйгарылган.
Таллинде сейилдеген Мусаев, Чокморов, Ишенов. Таберик сүрөт