Радио

Чакан жана орто ишкерлик менен алектенгендерге пайызсыз насыя берилүүдө

"Айыл Банктын" талдап иликтөө жана коштоо бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Токтогулов ишкерлерди колдоо үчүн пайызы жок насыялар берилип жатканын айтты.
Sputnik
Ишкерлерге эки жылда 2,9 миллиард сом пайызсыз насыя берилди. Бул мүмкүнчүлүктү 4400дөн ашуун ишкер колдонгонун Нарынбек Токтогулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул долбоор пандемиядан жабыркаган ишкерлерди колдоо максатында башталган.
"Кайтарымдуу финансылык жардам" деп аталган пайызы жок кредитти "Айыл Банк" активдүү берип жатат. Ал чакан жана орто ишкерлик менен алектенгендер үчүн каралган. Бул — 2022-жылы пандемиядан көп ишкерлер жабыркаганда атайын ачылган долбоор. Ошол убактан бери баш-аягы 2 миллиард 900 миллион сом пайызсыз насыяны 4400дөн ашык ишкерге бердик. Бул долбоор менен жалпы 5-6 банк алектенүүдө, бирок орчундуу бөлүгү, тактап айтканда, 43 пайызы "Айыл Банк" аркылуу ишке ашты. Жылдык соода жүгүртүүсүндөгү акча 8 миллион сомго чейин болгон ишкерлер 1 миллион сомго чейин пайызы жок кредит ала алат. Ал эми соода жүгүртүүсү 8 миллион сомдон 30 миллион сомго чейинкилер 3 миллион сомго чейин кредит алса болот", — деди Токтогулов.
Ошондой эле ал пайызсыз насыя алгысы келгендер алты айдан ашуун убакыттан бери ишкерлик менен алектенип жатканын тастыктаган документин алып банкка баруусу керектигин кошумчалады.
Тема боюнча:
Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы болду