Депутат: Улуттук банктын башкаруу кеңешинин мүчөлөрү айына 1 млн. сомдон алып турган

Парламентарий мугалимдер менен Улуттук банктын кызматкерлеринин айлыктарын салыштырган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров Улуттук банктын башкаруу кеңешинин мүчөлөрү айына бир миллион сомдон ашык акча алганын билдирди.
Анын айтымында, Улуттук банктын башкаруу кеңешинин мүчөлөрү 2023-жылы алган бонустарынын суммасы 84 миллион сомду түзгөн.
Абакиров мындай маалымат шайлоочулардан келгенин, ал маалымат агенттигинде жана башкы банктын өткөн жылга карата берген отчетунда дагы жазылганын айтты.
"2023-жылы жети адамдын жалпы бонусубу, айтор, 84 миллион сомдон ашыптыр. Мындайча айтканда, киши башына айына бир миллион сомдон ашык. Албетте, профессионалдар жакшы маяна алышы керек. Бирок айына бир миллион сом мугалимдин айлыгынан 40 эсе көп болуп жатат. Бул 2023-жылы эле болуптур, мурдагы жылдары мындан 3-4 эсе аз экен", — деди депутат.
Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы болду