Чолпон-Атада "Шериктештик балдары" форуму өтүп жатат. Сүрөттөр

"Шериктештик балдары" форумун өткөрүүнү 2013-жылы Жогорку Кеңеш демилгелеген. Андан бери иш-чарага 700дөн ашык окуучу катышкан
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында "Шериктештик балдары" деп аталган IX эл аралык маданий-агартуучу форум ишин баштады. Быйыл ага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан мектеп окуучулары менен алардын насаатчылары катышууда.
Буга чейин КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий форумду КМШ ПАА, Жогорку Кеңеш, КМШ өлкөлөрүнүн кызматташтыгы боюнча эл аралык гуманитардык фонд уюштуруп жатканын билдирген.
1 / 5

Чолпон-Ата шаарында "Шериктештик балдары" деп аталган IX эл аралык маданий-агартуучу форум ишин баштады

2 / 5

Быйыл ага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан мектеп окуучулары менен алардын насаатчылары катышууда

3 / 5

Буга чейин КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий форумду КМШ ПАА, Жогорку Кеңеш, КМШ өлкөлөрүнүн кызматташтыгы боюнча эл аралык гуманитардык фонд уюштуруп жатканын билдирген

4 / 5

Маалыматта иш-чаранын ачылыш аземинде ар бир делегация өз өлкөсүнүн улуттук колоритин көрсөтүп бергени, шериктештикке мүчө мамлекеттердин парламент башчылары форум катышуучуларына кайрылуу жолдогону айтылат

5 / 5

Форум ачылган 25-июнь күнү кыргыз элинин каада-салты көрсөтүлдү. Катышып жаткан балдарга ордо оюнун үйрөтүшүп, кийиз менен иштөө боюнча мастер-класс өткөрүлгөн

Маалыматта иш-чаранын ачылыш аземинде ар бир делегация өз өлкөсүнүн улуттук колоритин көрсөтүп бергени, шериктештикке мүчө мамлекеттердин парламент башчылары форум катышуучуларына кайрылуу жолдогону айтылат.
Армениянын Улуттук жыйынынын төрагасы Ален Симонян өтүп жаткан форум жаш муун жана КМШ мамлекеттеринин маданияты менен жакындан таанышуу үчүн уникалдуу аянтча боло алганын белгилеген.
"Форум элдерибиздин алакасын тереңдетүүгө өбөлгө болот. Мындай долбоорлор тарыхты сактоого, маданияттар аралык кызматташууну бекемдөөгө негиз болуп, жалпы адамзаттык баалуулуктарга сый мамилени түптөйт. Бардык катышуучуларга үзүрлүү баарлашуу жана жаратмандык каалайм", — деген Симонян.
Беларустун Улуттук жыйынынын Республика кеңешинин төрайымы Наталья Кочанованын кайрылуусунда форум жаш муундун потенциалын ачып берүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулай турганы айтылат.
"Иш-чара өтүп жаткан кереметтүү Ысык-Көл максаттарыңардын орундалышына, чыгармачылыкка шыктандырат, өлкөлөргө, элдерге, жалпыбыздын үйүбүз болгон Жер планетасына сый-урматты бекемдейт", — деген Беларустун спикери.
Өзбекстандын Олий Мажлис сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева да салам жолдоп, "Шериктештик балдары — биз биргебиз" деген ураан алдында өтүп жатканына токтолду.
"Күч бирдикте" деген сөз бар. Өз теңтуштарыңар менен биргеликте бийик максаттарды көздөй умтулууңар — жаратман ата-бабалардын жолун жолдой турганыңардын белгиси", — деген спикер. Анын сөзүн Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Бахтиер Розбакиев окуп берди.
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий адамдын тагдыр жолу бала чагында, ал эми КМШнын келечеги ушул форум сыяктуу иш-чараларда аныкталарын белгиледи.
"Жаңы лидерлердин калыптанышына, келечектүү байланыштарды, кызматташуунун түптөлүшүнө мыкты мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Ар бириңер өз өлкөңөрдүн патриоту экениңерди билем. Ата Мекениңерге өнүгүү гана каалайсыңар. Ал эми шериктештиктин алкагындагы өз ара аракеттенүү буга чексиз мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт", — деди Кобицкий.
Форумдун катышуучуларын Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбеков, КМШ ПАА кеңешинин катчылык жетекчисинин орун басары Иван Мушкет, Кыргызстан элинин ассамблеясынын жетекчиси Алманбет Матубраимов, форумду өткөрүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Бахтияр Кадыровдор куттуктаган.
Форум ачылган 25-июнь күнү кыргыз элинин каада-салты көрсөтүлдү. Катышып жаткан балдарга ордо оюнун үйрөтүшүп, кийиз менен иштөө боюнча мастер-класс өткөрүлгөн.
Эске салсак, "Шериктештик балдары" форумун өткөрүүнү 2013-жылы Жогорку Кеңеш демилгелеген. Андан бери иш-чарага 700дөн ашык окуучу катышканы маалым. Алгачкы беш форум Кыргызстанда өтүп, кийин мектеп окуучуларынын өтүнүчү менен географиясын кеңейтүү чечими кабыл алынган. 2021-жылы иш-чара Санкт-Петербургда, ал эми 2023-жылы Өзбекстанда өткөрүлгөн.
Якутияда "Азия балдары" оюнунун ачылышы болду