Чолпон-Атада патрулдук милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Чолпон-Атада патрулдук милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды.
Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Кырсык 26-июнга караган түнү саат 01:00дө болгон. Анда Toyota Land Cruiser 200 менен Renault Logan кызматтык унаасы сүзүшкөн.
Патрулдук милициянын эки кызматкери жабыркап, ооруканага түштү. Экспертизалар дайындалып, жыйынтыгы чыккандан кийин күнөөлүү тарап аныкталмакчы.
Бишкекте "Тазалыкта" иштеген аялды коюп кеткен деп милиционер кармалды