Чоң-Алайда ишкерден 10 млн. сом талап кылды дегендер кармалды

Шектүүлөр ишкерди көмүр казып иштөөсүнө тоскоолдук кылышканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Чоң-Алай районунда ишкерди опузалап 10 миллион сом акча талап кылган шектүүлөр кармалганын ИИМ кабарлады.
Милициянын маалыматында, А.Н. аттуу ишкер Чоң-Алайдын Карамык айылында көмүр казып баштаганда жергиликтүү жашоочуларбыз деген адамдар аны "ишти толук жүргүзүүгө жол бербейбиз" деп коркутуп, 10 миллион сом талап кыла баштаган. Натыйжада 59 жана 54 жаштагы эки киши ишкерден 44 миң 400 доллар алып жатканда колго түшкөн.
Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") боюнча иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.
УКМК Ош мэринин мурунку жардамчысын ишкерлерден акча алып турган деп кармады