Радио

Бокоев: БРИКС оюндарынын масштабы дагы кеңейиши керек

Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын директору Бактыяр Бокоев өлкөлөр аралык достукту, ынтымакты бекемдөөдө БРИКС оюндарынын ролу абдан чоң болорун айтты.
Sputnik
Бүгүнкү дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдү эске алганда БРИКС оюндарынын масштабы дагы кеңейиши керек. Казанда өткөн ири мелдеш оюндардын маанилүүлүгүн арттырып, көпчүлүлүктүн назарын бурганын Бактыяр Бокоев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын курама командасы мелдеште татыктуу атаандаштык көрсөтүп, алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кошулду.
"Россиянын Казань шаарында өткөн БРИКС оюндары жогорку деңгээлде өттү. Кыргызстандын курамасы жакшы даярдык менен барып, алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кошулду. Буга чейин аталган иш-чара Индияда чакан масштабда өткөрүлгөн. Бүгүнкү дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдү эске алганда БРИКС оюндарынын масштабы дагы кеңейиши керек. Казанда өткөн ири мелдеш оюндардын маанилүүгүн арттырып, көпчүлүлүктүн назарын бура алды. Өлкөлөр аралык достукту, ынтымакты бекемдөөдө БРИКС оюндарынын ролу абдан чоң болот. Эми БРИКС өлкөлөрүнүн чогулушу өтүп, оюндардын кийинки этаптары талкууланат", — деди Бокоев.
Ошондой эле ал БРИКС оюндары олимпиадалык эмес спорттун түрлөрүн да жогорку деңгээлде өнүктүрүүгө жол ачарын кошумчалады.