Бишкек мэриясынын кызматкерлерине кыргыз тили боюнча курс уюштурулууда

Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясынын жана анын карамагындагы мекемелердин орус тилдүү кызматкерлери кыргызча окутулууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Кыргыз тилин үйрөнөбүз" аталышындагы окуу курстарын мэриянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү уюштурууда.
"Муниципалдык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын, Бишкек мэриясынын ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын орус тилдүү кызматкерлери үчүн "Кыргыз тилин үйрөнөбүз" аталышындагы окуу курстары өткөрүлүүдө", — деп жазылган маалыматта.
Окуу курстары "Мамлекеттик тил жөнүндө" конституциялык мыйзамды ишке ашыруу максатында уюштурулуп жатканы кошумчаланды.
Бишкек мэриясы дзюдочу Эрлан Шеровго батир белек кылат