Батыш Зеленскийдин нааразылыгынан кийин аргасыз кадамга барды

Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. НАТО узак мөөнөткө жардамдашуу убадасы менен Владимир Зеленскийдин "көңүлүн жайгарууга" аракет кылып жатат. Бул туурасында РИА Новости New York Times басылмасына таянып жазды.
"Алардын милдети жана миссиясы Зеленскийди канааттандырып, саммиттин тынч өтүшүн камсыздайт деген үмүт бар. Былтыр Вильнюста Украинанын мүчөлүгү менен сүйлөшүүлөрдүн убактысы так белгиленбей калганда ал өзүнүн нааразылыгын ачык, таамай билдирген", — деп айтылган макалада.
NYT Киев жана Борбордук Европанын мамлекеттери 9-11-июлдагы жолугушууда Украина НАТОго мүчөлүк боюнча теманы улантат деп ишеним артканын жазган. Бирок анын ордуна альянс Украинага узак мөөнөтка каралган бардык жардамдын түрлөрүн координациялоо үчүн Германияда атайын миссия түзүүнү жарыяламакчы.
Макалада америкалык администрация менен НАТО жетекчиси мындай жол менен Киевге саммитте колго илинерлик бир нерсе жасагысы келгени, бирок аны менен катар эле Украина альянска кирбейт деген пикирден баш тартпай тургандыгы белгиленген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"АКШ жетиштүү уруксат бербей жатат". Зеленскийдин чабуул боюнча нааразылыгы