Акылбек Жапаров Кытайда титаномагнетитти кайра иштетүүчү завод курууну сүйлөштү

Азыркы тапта министрлер кабинетинин төрагасы Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда жумушчу сапары менен жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Акылбек Жапаров Кытайдын Хами шаарында Xinjiang Xiangsheng New Material Technology Co., Ltd (Синцзянь Сяньшэн Нью Материал Технолоджи) компаниясынын директору Сяо Чжихай менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Азыркы тапта министрлер кабинетинин төрагасы Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда жумушчу сапары менен жүрөт.
Жолугушууда титаномагнетитти кайра иштетүү боюнча металлургиялык завод куруу маселеси каралган.
1 / 4

Акылбек Жапаров Кытайдын Хами шаарында Xinjiang Xiangsheng New Material Technology Co., Ltd (Синцзянь Сяньшэн Нью Материал Технолоджи) компаниясынын директору Сяо Чжихай менен жолукту

2 / 4

Азыркы тапта министрлер кабинетинин төрагасы Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда жумушчу сапары менен жүрөт

3 / 4

Жолугушууда титаномагнетитти кайра иштетүү боюнча металлургиялык завод куруу маселеси каралган

4 / 4

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакын арада кыргыз тарап менен кытай тараптын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн жана тиешелүү адистеринен турган жумушчу топ түзүлүп, Кыргызстандын аймагында изилдөө иштерин жүргүзө турганы белгилүү болду

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакын арада кыргыз тарап менен кытай тараптын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн жана тиешелүү адистеринен турган жумушчу топ түзүлүп, Кыргызстандын аймагында изилдөө иштерин жүргүзө турганы белгилүү болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында "Кыргыз алтын" ачык акционердик коому менен Xinjiang Xiangsheng New Material Technology Co., Ltd компаниясынын ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү меморандумуна кол коюлду.
Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров уран жана торий кендерин иштетүүгө киргизилген мораторийди алган мыйзамга кол койгон. Бийлик аталган тыюу салуу дал ушул титаномагнетитти жана башка 80ден ашык сейрек кездешүүчү металлды иштетүүгө тоскоолдук жаратып жатканын айтып келген.
Акылбек Жапаров Кытайдын бир катар ири компанияларынын жетекчилери менен жолукту