Акылбек Жапаров Кытайдын бир катар ири компанияларынын жетекчилери менен жолукту

Жолугушууларда, транспорттук, инфраструктуралык, экономикалык, инвестициялык кызматташуу талкууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Үрүмчү шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар ири компаниялардын жетекчилери менен жолукту.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууларда транспорттук, инфраструктуралык, экономикалык, инвестициялык кызматташуу талкууланды. Алсак, "Жиабо техноложи" компаниясы тарабынан Кыргызстандын аймагында машиналарды куроо заводун куруу сүйлөшүлдү. Компания ошондой эле бамбуктан кагаз чыгарууну пландоодо. Өз кезегинде Жапаров бул Нарын облусу үчүн жакшы инвестиция экенин, колдоорун билдирди. Инвестициянын жалпы суммасы 130 миллион доллар. Долбоорлорду ишке ашыруу документине "Кытай-Евразия ЭКСПО" алкагында кол коюлду, курулуштун августта башталары белгиленди.
Мындан тышкары, өкмөт башчы Жапаров Zhicun Lithium Industry Group Co., Ltd компаниясынын жетекчилиги менен жолукту. Анда тоо-кен тармагындагы маселелер боюнча сүйлөшүү жүрдү, тагыраагы, Кыргызстанда литийди чалгындоо, казып алуу жана кайра иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруу каралды.
Белгилей кетсек, бул компания литий батареяларын жана литий карбонатын чыгарууга адистешкен.
Талас — Чаткал — Ташкент автожолу курулат. Жол картасы даярдалууда