Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ дагы бир базаны Россияга кооптуулук жараткан объектиге айлантууда. Инфографика

Севастополго чейин учуп жете турган убакыт 30 мүнөттөн көп эмес. АКШ Румыниянын "Михай Когэлничану" аба базасын Россияга кадимкидей эле кооптуулук жараткан тарапка айлантууда.
Sputnik
Бул туурасында аскерий серепчи Александр Хроленконун айтканын Sputnik Ближнее зарубежье жарыялады.
Аба базасы Кара деңизден 12 чакырым, Молдова менен чектешкен жерден 120, Украина чек арасынан 93, Севастополдон 400 чакырым аралыкта жайгашкан. НАТОдо Россияга Кара деңиздин үстүндөгү эл аралык мейкиндиктен сокку уруу мүмкүнчүлүгү жаралат. Ракеталардын учуу аралыгы 300-1000 чакырымды түзөт.
Украинага убада кылынган F-16 Румыниянын базасында жайгашышы мүмкүн. Бирок кандайдыр бир кырдаал болуп кетип, ракеталар РФтин аймагына барып түшсө АКШ жоопкерчиликти Киев режимине жүктөйт. F-16нын крейселик ылдамдыгы саатына 1000 чакырымды түзөт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон Севастополго ATACMS менен жасалган чабуул боюнча жооп таба албай турат