28-июнга карата аба ырайы

28-июнда республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас аймагында 30…35, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 33…38, Ысык-Көл жеринде 26…31, Нарын өрөөнүндө 22…27 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында 36…38 градуска чейин көтөрүлсө, Чолпон-Атада 27…29 градусту көрсөтөт.
Күндүн ысыгы 30 градустан ылдый болбойт. Бир жумага карата божомол