Кыргыз тасмаларын Индия жана Кытайга кантип прокатка чыгарса болот?

Sputnik
Бул ирет «Стоп кадр» программасында биз кыргыз тасмаларын дагы да кантип сапаттуу тартсак болору жана Индия менен Кытайга прокатка чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү т ууралуу кеп кылдык. Марат Мамакеев учурда догоруда аты аталган эки өлкө боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. KG club продакшн студиясынын директорунун айтымында, КЭРде документ иштери өтө кылдаттык менен текшерилгендиктен бир канча убакытты алышы мүмкүң болуп жатат.
Ал эми үн режиссерлору мурда тасмалардын көбү сүрөткө тартчу аппарат менен тартылып келсе барган сайын кымбат сапаттуу тарткан техникалар өлкөдө көбөйүп жатканын белгиледи.