Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдөгү кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу мамлекет башчынынын маалымат кызматынан кабарлашты. Макулдашуу үч өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлүп, 6-июнда кол коюлган.Жогорку Кеңеш 19-июнда кабыл алган мыйзамга президент Садыр Жапаров бүгүн кол койгон. Аталган темир жолдун маршруту Торугарт — Арпа — Кош-Дөбө — Макмал — Жалал-Абад аркылуу болуп, узундугу 311,75 чакырымды түзөт. Ал эми жүк жүктөөчү станция Макмалда жайгаштырылары мерчемделүүдө.Долбоордун болжолдуу наркы 4 миллиард 665 миллион доллар, анын ичинен Кыргызстандын үлүшү 573 миллион доллар болору айтылган.
Билим берүүгө 40 миллион доллар бөлүүнү караган макулдашуу Жогорку Кеңеште ратификацияланды. Азия өнүктүрүү банкынын бул каражаты билим берүү тармагына, анын ичинде мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүүгө пайдаланылат. Макулдашууда бул сумманын жарымы грант, калганы 32 жылдык кредит экени белгиленген. Анын 8 жылы жеңилдетилген делип, үстөгү бир пайыз болсо, андан кийин 1,5 пайыз менен төлөнөт. Долбоор үч компонентти камтып, анын алкагында колдоо көрсөтүлөт.Анда мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартын кайра карап чыгуу; предметтик стандарттарды иштеп чыгуу үчүн ченемдик базаны түзүү; 6-12-класстар үчүн предметтик стандарттарды кайра карап чыгуу, мугалимдер үчүн кесиптик стандарттарды бекитүү сыяктуу категориялар бар.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Үрүмчү шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар ири компаниялардын жетекчилери менен жолукту.Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууларда транспорттук, инфраструктуралык, экономикалык, инвестициялык кызматташуу талкууланды. Алсак, "Жиабо техноложи" компаниясы тарабынан Кыргызстандын аймагында машиналарды куроо заводун куруу сүйлөшүлдү. Компания ошондой эле бамбуктан кагаз чыгарууну пландоодо. Өз кезегинде Жапаров бул Нарын облусу үчүн жакшы инвестиция экенин, колдоорун билдирди. Инвестициянын жалпы суммасы 130 миллион доллар. Долбоорлорду ишке ашыруу документине "Кытай-Евразия ЭКСПО" алкагында кол коюлду, курулуштун августта башталары белгиленди. Мындан тышкары, өкмөт башчы Жапаров Zhicun Lithium Industry Group компаниясынын жетекчилиги менен жолукту. Анда тоо-кен тармагындагы маселелер боюнча сүйлөшүү жүрдү, тагыраагы, Кыргызстанда литийди чалгындоо, казып алуу жана кайра иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруу каралды.
Кыргызстандык "Мюллер Маркт" жана "ПроффЛаб" компаниялары Евробиримдиктин антироссиялык 14-пакетиндеги чектөөлөрүнө тушугуп калган. Бул маалыматтар ЕБ кеңешинде жарыяланган. Юстиция министрлигинин маалыматында, "Мюллер Маркт" ЖЧКсы — чет элдик үлүшү бар, 2022-жылдын май айында катталган компания. Бишкек шаарынын Ленин районунда жайгашкан, түптөөчү Сергей Стефаненко, жетекчиси Пхетмали Блюмис. Негизги ишмердүүлүгү —адистештирилбеген дүң соода. Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматтарга таянсак, "ПроффЛаб" ЖЧКсында да чет элдик үлүш бар. 2022-жылы март айында Ленин районунда каттоодон өткөн. Жетекчиси — Пхетмали Блюмис, негизгинен адистештирилбеген дүң соода менен алектенет.