Россия Федерациясы, КЭДР жана КЭР дүйнө калкын сактап калуу үчүн коргонуу доктринасын түзүүдө

Sputnik
Россия лидери В. В. Путин июнь айында төрт күндүк иш сапары менен Түндүк Кореяга жана Вьетнамга барып келди. Анын бул сапары АКШны чочулатканын New York Times жазып чыкты. Россия лидеринин КЭДРге болгон сапарында кол коюлган документтердин маанилүүсү болуп, сырттан келген агрессияга эки тараптык көмөктөшүү келишими болду. Эл аралык мамилелер жана коопсуздук боюнча эксперт, саясий илимдердин доктору Токон Мамытов “Күн башат” программасынын алкагында аталган документ эмне үчүн Батышка жакпай калды, Россия, КЭР жана КЭДР түзүп жаткан коргонуу доктринасы дүйнө элине эмнеси менен пайдалуу,
Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын мамилесине Россия лидеринин таасири тийиши мүмкүнбү, ушул жана башка суроолорго жооп берди.