Радио

Быйыл ЖРТдагы орточо упай эң жогорку көрсөткүчкө жетти

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева абитуриенттердин 66,9 пайызы жогорку окуу жайларга тапшыруудагы босого упайдан өткөнүн айтты.
Sputnik
Быйыл Жалпы республикалык тесттин орточо упайы эң жогорку көрсөткүчкө жетип, 128,6 баллды түздү. Демек, өткөн жылдарга салыштырмалуу босого упайдан өткөн абитуриенттердин саны да көп экенин Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин ЖРТдагы эң жогорку орточо упай 2019-жылы катталып, 123 баллдан ашкан.
"Жалпы республикалык тест ушул жылдын май айында башталган. Ал эми июнда тест кеч өтүп, ага 2 миңге жакын абитуриент катышты. Кийин тапшыргандардын арасынан да "алтын сертификат" алгандар чыгышы мүмкүн. Быйыл Жалпы республикалык тесттин орточо упайы былтыркыга жана башка жылдарга салыштырмалуу кыйла жогору болуп, 128,6 баллды түздү. Былтыр 121,8 балл болгон. Демек, абитуриенттердин 66,9 пайызы жогорку окуу жайларга тапшыруудагы босого упайдан өттү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 58,3 пайызды түзгөн эле", — деди Батракеева.
Ошондой эле ал Кыргызстанда жогорку окуу жайга тапшырууну каалаган абитуриенттер мамлекеттик тил боюнча тест тапшырганын кошумчалады.