Жогорку Кеңеште вебкам ишмердигин кылмышка теңеген мыйзам кабыл алынды

Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште вебкам-сойкулукту уюштургандарды жоопкерчиликке тарта турган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорун депутаттардын тобу иштеп чыккан.
Мыйзам долбоору атайын платформанын (вебкам-студиянын) жардамы менен сойкулукту жана ыпластыкты уюштуруу жана кɵмɵктɵшүү сыяктуу укукка жат жосундарды криминалдаштыруу максатында иштелип чыкты.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде вебкам ишмердигине аялдар барымтада болушу да ыктымал экени айтылып, адам сатууну алдын алуу жана мажбурлангандарды коргоо үчүн аталган документ иштелип чыкканы жазылган.
Онлайн-ыпластыкты уюштургандарга 100-300 миң сом айып салынат. Ал эми мындай жосун уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Вебкам кыздарга болсо 10 миң сом айып салынышы мүмкүн.
УКМК: вебкам-студиялар тармагын түзгөн Даниэл Ажиевден 500 миң доллар алынды