ЖКда электрондук чылымды сатууга, ташып келүүгө тыюу салуу үч окуудан өттү

Мыйзам жаштардын ден соолугун коргоо жана терс адаттарга көнүп кетүүсүн алдын алуу макстында кабыл алынууда.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште электрондук чылымдарды ташып келүүгө тыюу салган мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Аны Шайырбек Ташиев баштаган депутаттар демилгелеп чыккан. Мыйзам долбоорунун максаты — элдин ден соолугун коргоо, жаштардын организминин өспөй калуусун жана терс адаттарга көнүп кетүүсүн алдын алуу.
Вейп чеккендерге 10 миң сом (юридикалык жактарга — 60 миң сом) айып салынат. Аны саткандарга 20-65 миң сом айып каралса, ташып келгендер 150-200 миң сом айыпка жыгылышы же эки жылга чейин эркинен ажыртылышы ыктымал.
ЖК электрондук тамекиге тыюу салуучу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды