Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украин ЖМКсы Зеленскийдин кеңсесиндеги ири коррупциялык схеманы аныктады

Басылма Украина Куралдуу күчтөрү көп учурда сапатсыз продукция алып келгенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Украина президентинин кеңсесинде иштеген кызматкерлер мамлекеттик буйрутмалардын суммасынын 30 пайызын алып келишкенин РИА Новости украиналык "Страна" басылмасына шилтеме кылып жазды.
Армияны кийим-кече менен камсыздаган компаниялардын биринин жетекчисине таянган портал коррупциялык схемалар атайын операция башталгандан тарта эле пайда болгонун айтып берген.
"Тендерди президенттик кеңсенин макулдугусуз жана акча берилмейин жеңип алуу мүмкүн эмес. "Өз" компаниялардын бир ууч тобу калыптанган, алар кандай товарды кайсы баада сунуштаса да жеңерин билет. Баа эселеп жогорулап кетет. Жең ичинен жалпы сумманын 10дон 30 пайызга чейинкиси алынат, ошентсе да тараптардын баары бир топ киреше көрөт. Бул Коргоо министрлигинин бардык буйрутмаларына — армиянын кийим-кечесинен тарта ичкен тамагына чейин тиешелүү", — деп айтып берген маектеш.
Сапаты начар продукция жеткирилген учурлар да арбын болгон. Бизнесмен эл аралык өнөктөштөр мамлекеттик сатып алуулардагы негизги коррупциялык схемалардан кабары бар экенин белгиледи.
"Шарт-жобого бир гана өндүрүүчүнүн сырьесун колдонуу муктаждыгы жазылат. Мисалы, бир эле компания чыгарган бир стандарттагы жип деп коелу, документте мындай жип башка жактан өндүрүлбөйт деп айтылат. Анан, албетте, баасы да жогору болот", — деген ишкер.
Ал азыркы тапта "шапке" акчаны мурункудай каалаган кишинин баары ала албай калганына, жеткирүүчүлөрдүн тар чөйрөсү түптөлгөнүнө токтолгон. Эксперттин айтымында, документке жазылган техникалык шарттар кээде акыл-эске сыйбагыдай болуп калат.
Былтыр январь айында Украинанын Коргоо министрлиги аскерлер үчүн жогорулатылган баа менен азык-түлүк сатып алып, чуу жаралган. Ал кездеги министр Алексей Резников "техникалык ката кеткенин" айтып, актанууга аракет кылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Чалгын кызматы: Батыш Зеленскийди кетирүүгө камынып жатат