Якутияда "Азия балдары" оюнунун ачылышы болду

Путин куттуктап, бул эл аралык оюн ар өлкө элдеринин достугун чыңдоого чоң салым кошуп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Якутск шаарында (Саха-Якутия, Россия) VIII “Азия балдары” эл аралык спорт оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү.
Театрлаштырылган көрсөтмөгө республиканын 24 облусунан 3,5 миң киши тартылган.
1 / 4

Якутск шаарында (Саха-Якутия, Россия) VIII “Азия балдары” эл аралык спорт оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү

2 / 4

Театрлаштырылган көрсөтмөгө республиканын 24 облусунан 3,5 миң киши тартылган

3 / 4

Салтанаттын катышуучуларын Россиянын президенти Владимир Путин куттуктап, бул эл аралык оюн балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүүгө, олимпиадалык кыймылдын идеяларын жайылтууга жана ар өлкө элдеринин достугун чыңдоого чоң салым кошуп жатканын белгилеген

4 / 4

Россия лидери балдар мелдештерге гана катышпастан, жакшы эс алып, Ыраакы Чыгыш аймагынын кооз жерлери жана кайталангыс жаратылышы менен тааныша аларын кошумчалаган

Салтанаттын катышуучуларын Россиянын президенти Владимир Путин куттуктап, бул эл аралык оюн балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүүгө, олимпиадалык кыймылдын идеяларын жайылтууга жана ар өлкө элдеринин достугун чыңдоого чоң салым кошуп жатканын белгилеген.
Россия лидери балдар мелдештерге гана катышпастан, жакшы эс алып, Ыраакы Чыгыш аймагынын кооз жерлери жана кайталангыс жаратылышы менен тааныша аларын кошумчалаган.
БРИКС оюндарында кыргызстандыктар 51 медаль алып, жалпы эсепте 9-орунга чыкты