Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы болду

Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин жактырды.
Мелис Тургунбаев
Ага 75 депутат макулдугун берди.
Тургунбаев 42 жашта. Жогорку билимдүү, 2003-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетин, 2005-жылы Токиодогу Саясат изилдөө институтун, 2007-жылы ОшМУ, 2023-жылы Лондон бизнес мектебин бүтүргөн.
Адистиги боюнча эл аралык мамилелер, экономикалык саясат, бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит, лидерлик жана стратегия боюнча программанын магистри, экономика илимдеринин доктору.
Кыргыз, орус, англис тилдеринде сүйлөйт.
2023-жылдын март айынан бери жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп эмгектенип келген. Бүгүн эртең менен президенттин жарлыгы менен иштен алынган.
Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Нургүл Салиева дайындалды