Президент Садыр Жапаров Бельгиядан кайтып келди

Сапардын алкагында өлкө башчы Бельгиянын королу Филипп жана Еврокеңештин президенти Шарль Мишель менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун 24-25-июнда Бельгияга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын алкагында өлкө башчы Бельгиянын королу Филипп жана Еврокеңештин президенти Шарль Мишель менен сүйлөшкөнү айтылды.
Садыр Жапаровдун Еврокеңештин президенти менен жолугушуусунда тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, соода-экономикалык алаканын келечеги, энергетика, транспорт, сейрек кездешүүчү металлдар, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду инвестициялоо жана ишке ашыруу боюнча пикир алмашты.
Садыр Жапаров Бельгияга иш сапар менен учуп кетти. Делегациянын курамы